Жогорку Кеңеш Темир Сариевдин талапкерлигин жана ал сунуштаган өкмөттүн түзүмүн карап баштады
Жогорку Кеңеш 30-апрелдеги жыйынында премьер-министрликке Темир Сариевдин талапкерлигин жана ал сунуштаган өкмөт түзүмүн карап жатат. Жыйында Сариев 2015-жылдын күз айларында парламенттик шайлоо өтө тургандыктан, өкмөт кыска убакытка иш алып барарын айтып өттү.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Ошондой эле ал өлкөнүн, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо негизги маселе экенин кошумчалады. Сариев өкмөттүн түзүмүндө жалпы жонунан кадрдык алмашуулар болбогонун айтып, 3 гана министрликтин жетекчисине талапкер көрсөтүлүп жатканына токтолду. Алар: Экономика министрлигине премьер-министрдин кеңешчиси Олег Панкратовдун, Каржы министрлигине Адылбек Касымалиевдин, Транспорт жана коммуникация министрлигине Аргынбек Малабаевдин. Жыйында ал өзүнүн алдыда аткара турган пландары менен тааныштырууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

