super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш өлкөнүн Евразиялык экономикалык союзга кирүүсү боюнча бир топ мыйзам долбоорлорун карады

 

Бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңеш өлкөнүн Евразиялык экономикалык союзга кошулуусу боюнча келишимдин алкагында иштелип чыккан мыйзам долбоорлорун карады.

Биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлгөн долбоорлор төмөнкүлөр:

- “Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору;

- “Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамдын долбоору;

- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору (“Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” мыйзамдарга);

- “Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору.

Ал эми “2015-жылдын 31-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Орусия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразия экономикалык биримдигине кошулуу процессинин алкагында Кыргыз Республикасына техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору дароо эле үч окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: