Депутаттар 9-майда президенттин ордуна ким элге кайрылуу жасаарына кызыгышты
Жогорку Кеңештин 30-апрелдеги жыйынында депутаттар 9-майда Бишкекте Улуу Жеңишке арналган иш-чарада ким элге кайрылуу жасаарына кызыгышты.
Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Молдакун Абдылдаевдин айтымында, аталган иш-чарада элге кайрылуу укугу президенттен Жогорку Кеңештин төрагасына өтөт. "Ал эми аскердик парадды Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы Асанбек Алымкожоев кабыл алат",- деди Абдылдаев.
Айта кетсек, 9-майда президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын Москва шаарында Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган майрамдык иш-чарага катышмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
2
2
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















