Өкмөт башчылыкка талапкер Темир Сариев "кыска мөөнөттө жыйынтык көрсөтөм" деди
Парламенттин 30-апрелдеги жыйынында өкмөт башчылыкка Темир Сариевдин талапкерлиги каралууда. Жыйында депутаттар кыргыз мамлекетинде премьер-министрди тез-тезден алмаштыруу өнөкөткө айланганын айтышып, бул боюнча талапкердин пикирин сурашты. Сариев: "Аз убакыт калды деп жатышат, өкмөт башчы үчүн кыска убакыт деген түшүнүк болбош керек. Өкмөттүн туруктуу иштешине мен да кызыкдармын, кыска убакытта жыйынтык көрсөтүүгө аракет кылам. Жыйынтык көрсөтсөк, кийин да бизге элдин ишеними жогору болот деп эсептейм",- деп билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

