Темир Сариев: "Менин талабыма чыдаган министр иштейт, чыдабаса кетет"
Өкмөт башчылыкка талапкер Темир Сариев Жоомарт Оторбаев жетектеген өкмөттө иштеп келген министрлер менен иштешүүгө даяр экенин парламенттин 30-апрелдеги жыйынында билдирди. Сариев бардык министрлерди ийгиликтүү иштетсе болот деген пикирде.
"Иштебеген адам болбойт, иштетебиз. Менин талаптарыма чыдаса иштешет, эгер чыдашпаса, анда маселе коюлат. Өкмөт башчы катары укугумдун жетишине карап кызматтан бошотом, жетпесе конституциялык жол боюнча каралат",- деп билдирди талапкер.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

