super.kg logo

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери курсанттарга башынан өткөргөн окуялардан айтып беришти

 
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Аспек Мойноков
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Василий Плесков
Ички иштер министринин биринчи орун басары Нурбай Касымбаев
Музейдин жетектөөчү адиси Гүлмайрам Жаналиева

Ички иштер министрлигинин Сагын Наматбаев атындагы Борбордук музейинде “Эрдик эч качан унутулбайт” деген аталыштагы иш-чара болуп өттү. Анда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери жана ИИМде согуштан кийинки жылдары кызмат өтөгөн Василий Плесков жана Аспек Мойноков аталар курсанттар үчүн башынан өткөргөн окуяларын айтып беришти. Иш-чараны уюштурган ички иштер министринин биринчи орун басары Нурбай Касымбаевдин айтымында, согуш жылдарынан кийин ИИМдин түзүмүндө жалпысынан 385 ардагер кызмат өтөгөн. Бүгүнкү күндө алардын 35и гана калды.   

Жаш укук коргоочулар муну менен катар Борбордук музейде чогулган согуш жылдарынан калган экспонаттар менен таанышып өтүштү. Музейдин жетектөөчү адиси Гүлмайрам Жаналиеванын айтымында, бул жердеги согуш куралдары, жоокерлердин кийимдери, медалдары жана башка буюмдар 1957-жылдан бери чогултулуп келген, ал эми аталган музей 1962-жылы ачылган.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: