super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш инвестицияларды колдоого багытталган мыйзамдарды кабыл алды

 

30-апрелде Жогорку Кеңеш инвестицияларды колдоого жана коргоого, өз ара түшүнүшүүгө жана кызматташтык алакаларды арттырууга, визалык жеңилдиктерди берүүгө, эл аралык жүк ташуу шарттарын жакшыртууга багытталган бир катар эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө мыйзамдарды 3 окууда кабыл алды. Алар төмөнкүлөр:

- “2014-жылдын 8-декабрында Доха шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды өз ара колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамы;

- “2014-жылдын 7-декабрында Дубай шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамы;

- “Ядролук материалдарды физикалык коргоо жөнүндө конвенцияга кошулуу тууралуу” мыйзамы;

- “Дүйшөмбү шаарында 2014-жылдын 12-сентябрында кол коюлган Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Эл аралык автомобилдик жүк ташуулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамы;

- “Ашхабад шаарында 2014-жылдын 11-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын жана Түркмөнстандын ортосундагы Достук, өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзамы;

- “Доха шаарында 2014-жылдын 8-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык жана атайын паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: