Өкмөт: Быйылкы жылдын бюджети толук аткарылат
Быйылкы жылдын бюджети толук аткарылат. Бул тууралуу өкмөт башчылык кызматка талапкер Темир Сариев 30-апрелде Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты. Сариевдин "2015-жылы бардык социалдык артыкчылыктар аткарылат" деп айтканынан улам депутат Мыктыбек Абдылдаев бюджеттин тартыштыгын анын эсине салды.
Автор: Жамалидин Парманкулов
"2015-жылдын бюджети 14 миллиард сом тартыштык менен бекитилген. Учурда доллардын курсу өсүп кеткендиктен, тартыштык дагы жогорулады. Социалдык артыкчылыктарды кандай кылып аткара аласыздар?"- деп суроо салды Абдылдаев.
Сариев жооп иретинде бюджетке кайрадан өзгөртүү киргизиле турганын айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

