Бишкекте форум алкагында жаштар үчүн бизнес ачуу, өнүктүрүү боюнча кеңештер айтылат



Бишкекте жаштар үчүн бизнести кантип ачып, иштетип кетүү боюнча кеңештер эл аралык форум алкагында айтылат. Бүгүн, 30-апрелде маалымат жыйынында уюштуруучу топтун мүчөсү Бакыт Саматов билдиргендей, бизнес-форум 2-майда Бишкектин мейманканаларынын биринде өтөт. Ага өзүнүн жеке бизнесин ачып, учурда бутуна турган ишкерлер катышып, жаштарга кеп-кеңешин беришет. Муну менен катар активдүү студенттер жана окууну жакында бүткөндөр жумушка орношуп калуулары мүмкүн.
“Эл аралык форумга КМШ мамлекеттеринен 300дөй делегат катышат. Буга окшогон иш-чаралар дүйнөнүн 125 өлкөсүндө өткөрүлүп келет. Анткени учурда бүтүрүүчү курстардын студенттери жана 30 жашка чыга элек жарандарыбыздын ичинен жашоодо алдыга койгон пландарын кантип ишке ашыруу керектигин өздөштүрө албагандар бар. Ошондой жаштарыбызды жол көрсөтчү тажрыйбалуу адамдар менен жолуктуруу башкы максатыбыз болуп саналат”,- деди уюштуруучу.



1 |