super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш автоунааларды камсыздандырууга милдеттендирчү демилгени 1-окууда кабыл алды

 
Кыргыз жериндеги айдоочулардын баарын автоунаасын сөзсүз камсыздандырууга милдеттендире турган мыйзам долбоору сунушталып, 1-окууда кабыл алынды. Мындай чечимди Жогорку Кеңеш 30-апрелдеги жыйынында кабыл алды. Мыйзам долбоору кыргыз мамлекетинин Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсүнө карата сунушталып жатат. Документке ылайык, автоунааны камсыздандыруу үчүн ар бир айдоочу жылына орточо 2000 сомдон төлөйт. Оор жүк ташуучу унааларга 3000 сомго чейин болушу мүмкүн. Жол кырсыгы болгон учурда камсыздандыруучу компания жабырлануучу катары эсептелген айдоочуга 200 миң сомго чейин төлөп берери каралган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: