super.kg logo
  Саясат  

Темир Сариев: "Эгер мага көбүрөөк убакыт берилсе, өкмөттүн башка түзүмүн сунуштамакмын"

 

Жогорку Кеңештин 30-апрелдеги жыйынында премьер-министрликке талапкер Темир Сариев: "Эгер мага көбүрөөк убакыт берилсе, өкмөттүн башка түзүмүн сунуштамакмын. Учурдагы өкмөттүн түзүмү чоңураак болуп турат. Чакан, ыкчам аткаруу бийлигин түзүү керек",- деген пикирин айтты.

Андан соң депутаттар Сариевден өлкөдөгү кырдаал боюнча жоопкерчиликти ким аларын сурашты. "Жоопкерчиликти парламент алат, анткени ал өкмөттү түзөт. Мындан тышкары парламент өкмөткө "жаман" же "жакшы" деген баа берет. Жамааттык жоопкерчилик жыйынтыкка алып келбей жатканын көрүп турабыз. Бирок бара-бара саясий маданият өсүп, шайлоодон кийин иштөө тартиби башкача болуп калат деген ишеничтемин",- деди Сариев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: