super.kg logo

Советтер Союзунун Баатыры Тукубай Тайгараевдин эстелиги майрамга карата иретке келтирилди

 

Советтер Союзунун Баатыры Тукубай Тайгараевдин эстелиги майрамга карата иретке келтирилди. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде Сузак райондук администрациясынан билдиришти. 

Маалым болгондой, Тукубай Тайгараевдин эстелигин орнотуу боюнча Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын жашоочулары тарабынан демилге көтөрүлүп, былтыр Улуу Жеңиш күнүнө карата тургузулган. Советтер Союзунун Баатырынын эстелиги ушул күнгө чейин кайсы аймакка таандык экени белгисиз бойдон калууда. Тагыраак айтканда, Жалал-Абад шаарынын да, Сузак районунун да карамагына өткөрүп берүү жагы каралбай калган. Аталган мүчүлүштүктөргө карабастан, Сузак райондук администрация башчысы-аким Нурболот Мирзахмедовдун демилгеси менен баатырдын эстелигин Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата актоо, сырдоо иштери аткарылып, айланасы иретке келтирилди.

Ошону менен катар Сузак районунун аймагындагы окуучулардын арасында биздин муунга тынчтык, бейпилдик тартуулаган аталардын эрдигин даңазалоо жана эскерүү максатында “Жеңиш ыры” аттуу сынак өткөрүлдү. 

Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата 9-Май күнү Сузак районунун борбордук аянтында согушта курман болгондордун эстелигине гүлчамбарлар коюлуп, эскерүү иштери жүргүзүлөт. Ошондой эле Сузак районунда жашап жаткан Улуу Ата Мекендик согуштун 21 ардагерине 21 автоунаа белекке берилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
30.04.2015. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Аталган мучулуштук деген созго тушунбодум билгендер болсо жаза кеткиле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: