Жогорку Кеңеш Темир Сариевдин премьер-министрликке талапкерлигин колдоду



Бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңеш премьер-министрликке Темир Сариевдин талапкерлигин жактырды. Добуш берүүгө катышкан бардык 101 депутат бул чечимге макул болду. Мындан тышкары парламент өкмөттүн Т.Сариев сунуштаган курамын бир добуштан жактырды.
Автор: Нургазы Аматов
Фото: Нургазы Аматов
Айта кетсек, өкмөттүн курамы төмөнкүдөй сунушталды:
Биринчи вице-премьер-министр - Тайырбек Сарпашев;
Күч блогу боюнча вице-премьер-министр - Абдырахман Маматалиев;
Экономикалык маселелер боюнча вице-премьер-министр - Валерий Диль;
Социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр - Дамира Ниязалиева;
Өкмөттүн аппаратынын жетекчиси - Нурханбек Момуналиев;
Тышкы иштер министри - Эрлан Адбылдаев;
Коргоо министри - Абибилла Кудайбердиев;
Ички иштер министри - Мелис Турганбаев;
Юстиция министри - Жылдыз Мамбеталиева;
Каржы министри - Адылбек Касымалиев;
Экономика министри - Олег Панкратов;
Айыл чарба жана мелиорация министри - Таалайбек Айдаралиев;
Транспорт жана коммуникациялар министри - Аргынбек Малабаев;
Өзгөчө кырдаалдар министри - Кубатбек Боронов;
Энергетика жана өнөр жай министри - Кубанычбек Турдубаев;
Билим берүү жана илим министри - Эльвира Сариева;
Саламаттык сактоо министри - Талантбек Батыралиев;
Маданият, маалымат жана туризм министри - Алтынбек Максүтов;
Социалдык өнүгүү министри - Кудайберген Базарбаев;
Эмгек, миграция жана жаштар министри - Айбек Азыранкулов;
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы - Бусурманкул Табалдиев.
Эми тиешелүү токтом президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
2

