super.kg logo

Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата кыргыз жерине казакстандык ардагерлер келишти

 

Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата кыргыз мамлекетине казакстандык ардагерлер келишти. Бул тууралуу 1-майда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, 12 кишиден турган делегация кыргыз жергесинде 3 күн болушат. Аларды Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкулов, вице-мэр Замирбек Малабеков жана шаардык кеңештин депутаттары тосуп алышты. Жолугушууда казак генералы Сеиткасым Абдрахманов кыргыз-казак элинин боордош экенин айтып, “жаңы муун Ата Мекен баарыбыз үчүн бир экенин билип жүрүүсү зарыл” деди.

Конокторду Бишкек мэриясы жергиликтүү бюджеттин эсебинен кабыл алууда. Жашы бир топко келип калган ардагерлердин ден соолугуна кам көрүү иретинде конокторду "Тез жардам" унаасы коштоп жүрөт. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: