Кыргыз ардагерлери Москвада өтчү Жеңиш парадына 6-майда жөнөп кетишет (тизме)

Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата Орусиянын Москва шаарындагы Кызыл аянтта өтчү Жеңиш парадына кыргыз мамлекетинен 13 ардагер катышат. Бул тууралуу 1-майда Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ардагерлердин тизмеси Республикалык согуш ардагерлеринин кеңеши, КРнын Куралдуу күчтөрү, укук коргоо органдары жана оорукта эмгектенгендер тарабынан сунушталган. Ага М.Нургазиев, С.Садыков, Т.Тамашаев, А.Усубалиев, С.Сейдакматов, А.Кутмамбетов, А.Варавин, С.Ералиев, М.Бакиров, Т.Чотбаев, Ш.Шатманов, А.Мамарасулов жана К.Акунов киришти.
Президент Алмазбек Атамбаев 10 ардагердин Москва шаарына барып келүүсүнө каржы бөлүп берди. Аталар Орусиянын борборуна 6-май күнү жөнөп кетишет. Ал эми 10-майда кайтып келишери айтылды.















1 |