super.kg logo

Ишембиликтер боюнча өкмөттүн токтомун аткарбагандар калкка жарыяланат

 

Өкмөттүн буйругу менен быйыл 14-марттан 30-майга чейинки мөөнөттө министрликтер, ведомстволор, өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жер-жерлерде сел жана суу ташкындары коркунучунун алдын алуу иштерин жүргүзүүсү зарыл болчу. Бирок айрым жетекчилер бул буйрукка маани бербей жаткандыгы өкүнүчтүү. Бул тууралуу бүгүн, 1-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, ӨКМ мындан ары жогорудагы буйрукту аткарбаган жетекчилерди, жергиликтүү бийлик башчыларын атайын фото жана видеорепортаждарды даярдоо аркылуу калкка жарыялап турууну чечти.

Алгачкылардан болуп Лейлек районунун Исфана шаарындагы абал окурмандарга сунуш кылынат. Төмөндөгү сүрөттө Исфана шаарына кире бериштеги негизги көчөдөгү арыктардын тазаланбаган, казылбаган абалын фоторепортаж аркылуу калкка жарыялайбыз. Аталган көчөдө Лейлек райондук ооруканасы, турак жайлар, аскердик бөлүк жайгашкан. Бирок арыктар тазаланбай, акыр-чикирге толуп, суулар топтолуп, акпай турат”,- деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: