Ош шаарында биринчи жолу Ветеринария кызматкерлеринин күнү белгиленди








Ош шаарында 30-апрель күнү биринчи жолу Ветеринария кызматкерлеринин күнү белгиленди. Муну бүгүн, 1-майда Ош мэриясынан билдиришти. Маалым болгондой, салтанаттуу иш-чарага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, шаардык кеңештин депутаты Гүлсана Эсенбаева, Ош шаардык ветеринардык кызматынын ардагерлери жана кызматкерлери катышты.
Майрамдык иш-чаранын алкагында КРнын ветеринария кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата Ош шаарында туруктуу эпизоотиялык абалды жана ветеринардык, фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылууга кошкон чоң салымдары үчүн Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары менен бир катар кызматкерлер сыйланышты.
Мындан сырткары айыл чарба тармагынын өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн "Айыл чарбасынын отличниги" төш белгиси, КРнын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын Ардак грамоталары бир нече кызматкерге жана ардагерге тапшырылды.
“Кыргыз жергеси эгемендүүлүктү алгандан баштап ветеринария тармагына аз көңүл бурулуп келет. СССР учурунда бул кесип абдан маанилүү болгон. Бүгүнкү күндө ветеринардык кызмат кайрадан жанданып, өнүгүүнүн алдында турат. Жакында өлкөбүз Бажы биримдигине кирсе, сиздердин кесип өтө чоң жоопкерчиликти талап кылат. Жумушуңуздар бир гана этти көзөмөлдөп, тазалыгын кароо эмес, жалпы кыргыз өлкөсүнүн, анын ичинен Ош шаарынын элинин ден соолугуна кам көрүү болуп эсептелет. Мындан аркы үзүрлүү эмгегиңиздерге чоң ийгиликтерди каалайбыз”,- деди биринчи вице-мэр Аскаров.



1 |