Кыргыз жеринде газ 80 тыйынга арзандады, майда абоненттер 13 сом 87 тыйындан төлөшөт
Кыргыз жеринде жаратылыш газы 80 тыйынга арзандады. Өлкөдөгү абоненттер май айында газдын метр кубуна 13 сом 87 тыйындан төлөшөт (мурунку айда 14 сом 67 тыйын болчу). Газдын арзандашын "Газпром Кыргызстан" ишканасы доллардын курсунун төмөндөшү менен байланыштырууда. Өндүрүш ишканалары, бюджеттик уюмдар жана коммерциялык мекемелер үчүн жаратылыш газынын баасы бул айга 17 сом 04 тыйын деп бекитилди. Өткөн айда жаратылыш газы 43 тыйынга көтөрүлгөн же 14 сом 24 тыйындан 14 сом 67 тыйынга жогорулаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

