super.kg logo
  Саясат  

Чыныбай Турсунбеков кыргыз элин Эмгекчилердин эл аралык майрамы менен куттуктады

 

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков кыргыз элин Эмгекчилердин эл аралык майрамы менен куттуктады. Куттуктоодо булар айтылат:

"Урматтуу мекендештер!

Жаз күнүндө жаркырап кирип келген 1-Май – Эмгек майрамы менен КСДП депутаттык фракциясынын атынан чын дилимден куттуктайм! Дээрлик эки кылымга жакын тарыхы бар бул майрамдын башатында карапайым эмгекчилер туруп, өз укуктары үчүн күрөшүшкөн.

"Эмгек адамды жараткан" деп айтылгандай, бул күн ак эмгегинен баар таап, жаштарга өмүрү өрнөк болгон, жаратман адамдарга өзгөчө сый-урмат кылчу майрам. Ылайым мекенибизде ак эмгек, талбас иштермандык өз өкүмүн жүргүзүп, өлкөбүздү өнүккөн мамлекеттерге кошуу аракетибизден майнап чыксын.

Ар бир кыргыз мамлекетинин жаранынын үйүндө токчулук болуп, балдарыбыз бардарчылыкта өмүр сүрсүн!"






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: