super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков япониялык депутат менен жолугушууда анын айтылуу мушкер Мухаммед Али менен мушташканын эске салды

 
Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 1-майда Япония парламентинин депутаты Кандзи Иноки менен экс-депутат Наото Сакагутини кабыл алды. 

Төрага өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын өнүгүшүн белгилеп: "Кыргыз мамлекети үчүн япон парламентаризминин тажрыйбасы, кыргыз жериндеги демократияны кайра түзүүдөгү Япониянын жигердүү колдоосу жана анын эл аралык аренадагы демилгелери өтө баалуу",- деп билдирди. 

Асылбек Жээнбеков Инокинин саясаттагы гана эмес, спортту өнүктүрүү жаатындагы ишмердүүлүгүнө токтолду. "Сиз өтө маанилүү миссияны – дени сак жашоо образын жана спортту пропагандалоо аркылуу элдерди жакындатууну ишке ашырып жатасыз. Дүйнөлүк спортто татыктуу орун алган сизди Япониянын тышкары да мамлекеттерде жакшы таанышат. Спорттун тарыхында өчпөс из калтырдыңыз. Сиздин легендарлуу Мухаммед Али менен болгон беттешиңиз жалпыга маалым",- деп кошумчалады төрага.

Тараптар бирдиктүү иштерди активдештирүү үчүн түрдүү деңгээлдеги визиттерди улантуу зарылдыгын белгилешти.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: