super.kg logo

"Ата Мекен" партиясы шаардын тургундары жана коноктору үчүн майрамдык иш-чара уюштурду

 

Бүгүн, 1-майда И.В.Панфилов атындагы сейил бакта "Ата Мекен" социалисттик партиясы шаардын тургундары жана коноктору үчүн 1-Май - Эмгекчилердин эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара уюштурду. Иш-чарага "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, депутаттар Наталья Никитенко, Сайдулла Нышанов, Жоомарт Сапарбаев жана партиянын жаштар канаты катышты.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев өз сөзүндө 1-Май эмгекчилердин гана майрамы эмес, бул күн тарых барактарында эмгектенгендердин өз укуктарын коргоо күнү экенин айтты.  

"Көп жылдар бою биз жакшы жөрөлгөнү улап келатабыз. Жыл сайын ушул сейил бакта Эмгекчилердин эл аралык күнүн эмгекчилер, партиялаштар жана досторубуз менен бирге өткөрүүдөбүз. Дүйнө жүзү боюнча эмгекчилер жакшы ниет жана келечекте балдары бардар жашоодо жашайт деген үмүт менен 1-Майды белгилешет. Бул күн - күнүгө талыкпай мекен үчүн кызмат кылгандардын жана өлкөсүнүн туруктуулук, бакубатчылыгына салымын кошкондордун майрамы",- деди Өмүрбек Текебаев. 

Ал эми депутат Наталья Никитенко бул майрам чыныгы баатырлардын күнү экенин баса белгиледи. 

"Бүгүн кубанычтуу, жарык жана жагымдуу күн. Бул күн чыныгы баатырлардын жана мекени сыймыктанчу атуулдардын майрамы десем жаңылышпайм. Дүйнө жүзү боюнча эмгектенгендер күнүгө биздин жашообузду өзгөртүп, аны жакшы нукка бурууда. Биз кыргыз мамлекетинин өнүгүүсүнө өз салымын кошуп жаткандардын эмгектери менен сыймыктанабыз. Сиздердин эмгегиңиздер келечек муундун жаркын келечегине салымын кошсун. Ошондой эле үй-бүлө, жакындарыңыз мамлекет тарабынан татыктуу баалансын",- деди
Н.Никитенко. 

Иш-чара концерттик программа менен уланып, анда кыргыз эстрадасынын бир катар ырчылары ырдап, чогулгандардын маанайын көтөрүштү. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
01.05.2015. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер кжде Ата мекен партиясы звезда болуп жатат ко.
01.05.2015. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Ата Мекен" азамат, шайлоодо силерди колдойбуз
01.05.2015. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен жеке эч бир партияны колдобойм! Шайлоо жакындаганда эле балп этип пайда боло калышат, эшеги суудан откондон кийин, жатышат креслону кучактап!
01.05.2015. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Онугуу партиясына ийгилик!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: