super.kg logo
  Спорт  

Бишкекте 1-Май - Эмгекчилердин күнү жеңил атлеттердин жарышы менен белгиленди (фото)

 

1-Май - Эмгекчилердин эл аралык күнү Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында “Тынчтык-2015” деген аталыштагы салттуу түрдө өтүүчү жеңил атлеттердин жарышы менен белгиленди. Иш-чара ошондой эле Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналып өткөрүлдү. 

Маалым болгондой, иш-чарага спорттун ардагерлери, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, Эл аралык класстагы спорт чеберлери, Москва марафонунун алтын медалынын ээси Пёрт Чесноков, шаар мэри Кубанычбек Кулматов, окуучулар, студенттер жана шаар тургундары катышты.  

Бардыгы болуп 9 старт алынды, эң жаштары 5 жаштан 10 жашка чейинкилер. Ошондой эле ардагерлер, чуркоону сүйгөн шаар тургундары, мэриянын кызматкерлери жана башкалар аралыктан ийгиликтүү өткөнгө аракет кылышты. Жеңүүчүлөр эсте каларлык белектер жана мэрдин өзүнүн атынан берилген сувенирлер менен сыйланышты. Быйыл аталган жарыш “Спорттук шаар – ден соолугу чың эл” деген ураандын астында өткөрүлдү.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: