super.kg logo

Жеңиштин 70 жылдыгына карата башкы салтанаттар 4-майда "Ала-Тоо" аянтында "Жеңиштин жаш мураскерлеринин парады" менен башталат

 

4-майда саат 10:00дө Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтында мектеп окуучуларынын "Жеңиштин жаш мураскерлеринин парады" аталышындагы театрлаштырылган салтанаты өткөрүлөт. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. Майрам алдындагы аталган парадга 6 миң окуучу катышып, 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына арналган башкы салтанаттарга жол ачат.

Бишкектин окуучулары, балдардын белгилүү чыгармачыл топторунун тарбиялануучулары, аскердик лицейлердин курсанттары, жаш спортчулар согуш ардагерлерине жана чакырылган меймандарга кооз жана масштабдуу, театрлаштырылган оюн-зоок даярдашкан.

Параддын жүрүшүндө түрдүү эпизоддор көрсөтүлөт. Тактап айтканда, I - "Эскерүү набаты", II - "Жеңиш вальсы", III - "Мезгил, алга!", IV - "Биз өлкөбүздүн жаштыгыбыз", V - "Парад маршында", VI - "Менин гүлдөгөн кыргыз өлкөм".

Салтанатка президент Алмазбек Атамбаев, төрага Асылбек Жээнбеков, премьер-министр Темир Сариев, Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева, Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, чет элдик дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын жетекчилеринин, башка расмий адамдардын катышуусу күтүлүүдө. 







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: