super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Тажикстанда барымтада турган эки кыргыз жараны бошотулду

 

Бүгүн, 2-майда Тажикстанда барымтада турган эки кыргыз жараны бошотулуп, кыргыз жеринде кармалган 7 тажик жараны Тажикстанга өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу окурман WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына билдирди. Анын айтымында, бүгүн эки мамлекеттин күч органдары сүйлөшүү жүргүзүп, эки тараптын жарандарын өткөрүп берүү чечимине келишкен. Өткөрүп берүү иши Баткендеги Кызыл-Бел айылында болду.

Айта кетсек, 30-апрелде Баткен районундагы чек арага жакын Кара-Бак айылына 9 тажик жараны чек арадан мыйзамсыз өтүп келип, алардын жетөөсү кыргыз мамлекетинин чек ара күзөтчүлөрүнө колго түшкөн. Качып кеткен экөө Кара-Бак айылынын 2 тургунун барымтага алып, өздөрү менен бирге Тажикстандын аймагына өтүп кетишкен. Тажик жарандары аталган айылдан мыйзамсыз түрдө 180 килограмм сымап сатып алууну көздөшкөнү айтылган.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(13)
02.05.2015. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тажиктер менен ийри отуруп туз кенешип,чек ара койгойун чече албаган окотту кудай урсун!
02.05.2015. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
негизи мыйзам боюнча бардык жагынан алганда тажиктерди бербеш керек болчу жана жазаларын алышы керек эле а себебин бул жакка жазсам азыр эле банга кетирип салышат, кыскасы баары аман болсун
02.05.2015. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы кайталана берет эми, бошотпой жакшы териштирсе бир сассык иш чыкса керек эле.
02.05.2015. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ким сатмак анча коп сымапты, кайдан алган.Бул жерде балээнин баары озубуздун кыкелердеби дейм
03.05.2015. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
st1m_, Айдаркенде сымап чыгат . Бир шампандын ботолкосуно 25 килограмм сымап батат.
05.05.2015. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dadasdasd,
Эмне сымап ошончо оор болобу аны эритип таярдайбы
03.05.2015. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин кыргыздар ошентип тажик тарапка чек араны бузуп отуп колго тушкондо али бошотулбаса керек эле.
03.05.2015. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бийлик окулдоруно караганда ИИМ жакшы кызмат аткарып атышат экен Азаматсыздар ИИМнин кызматкерлери. Ишиниздерге коз тийбесин! Кыргыз элибиздин ишеничисиздер! коз тийбесин ишинерге
03.05.2015. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аскар Акаевдин маалында коншу олколор менен тынч ынтымакты жашаганбыз. кийин Акаев кеткенден кийин озбеги ал жактан тажиги бул жактан кыскасы торт тараптагы коншулар менен маамиле бузулуп ынтымаксыздык жаралып келуудо барган сайын кучоп баратат. бул азыркы жана Акаевден кийинки бийликтин начарлыгын корсотот. ушул убака чейин ел кемчиликти айтып тажабады бийлик жегенден тажабады уят деген жок наамысын сатып салгын 1 сом акчага атасын сата турган даражага келип калды биздин саясатчыларыбыз...
03.05.2015. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окуп угуп отуруп зеенин кейит ,биз кыргыз эли адашканбыз Аскар Акаевти кетирип ,кандай жолу менен болбосун Акаевти ажо кылып шайлашыбыз керек мумкун болушунча эртерек абийрибиз тугонуп кала электе.
04.05.2015. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба Акаевди кайра шайлаш керек биздин атка минерлер тундук туштук болуп болунуп эле калды Туштуктогулорду ал акыбалын туйшугуну тушунгондор жок чырдын баары туштук аймакта болуп жатпайбы! Же чек ара маселесин тезирээк чечкен адам жок ошончолук же кыйынбы чечип коюш биринчи кезекте чек ара маселесини тактап алыш керек ошондой боло берсе согуш чыгып кетиши да мумкун
05.05.2015. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Таджик границасын жабып алыш бериш жок эле жашай алабызго аларды ХХХ ХХХ ХХХ...
Модератор admin_portal түзөттү 2015-05-06 13:16:58
06.05.2015. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AbdiMitalMagamedAliBektur - эскертүү!
Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: