“Челси” футболдук клубу өз тарыхында бешинчи ирет Англия чемпиондугун жеңип алды






2-3-майда футбол боюнча Англиянын чемпиондугунун 35-тур оюндары болуп өттү. Лондондук “Челси” бул турда “Кристал Пэлас” командасын утуп (1:0), мелдеш жыйынтыкталарына 3 тур калганда чемпиондукту камсыздады. Оюндагы жалгыз голду “Челсинин” жарым коргоочусу Эден Азар киргизди.
Бул оюндан кийин “Челсинин” сезондо топтогон упайларынын саны 83кө жетти. Кийинки орундарды ээлеп келе жаткан “Манчестер Ситинин” карамагында 70 упай, “Арсеналда” 67 упай бар.
Кошумчалай кетсек, орусиялык жеке ишкер Роман Абрамович ээлик кылган “Челси” клубу бул жеңиши менен тарыхында 5-ирет Англиянын чемпиону аталды (буга чейинки чемпиондуктар 1955-жылы, 2005-жылы, 2006-жылы жана 2010-жылы катталган). Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
bazarkyl

04.05.2015. 08:28
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
башкы тренери Мауриньонун жениши. Кайсы каманданы башкарбасын ийгиликке жетишет.
bakyt_2015

04.05.2015. 10:53
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Англиянын командаларынын денгээли Европалык аренада абдан томондоп кетти,окунучтуу.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.