super.kg logo

Баткен. Милиция кызматкерлери 90 жаштагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерин майрамы менен куттукташты

 

Баткен облусунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Баткен районунун Кара-Токой айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, 1925-жылы туулган Шергазы Сүйүнов атанын ден соолугун сурап жана келе жаткан Улуу Жеңиштин 70 жылдыгы менен куттукташты. Муну мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, Баткен ОИИБинен барган милиция кызматкерлери ардагердин башына бакай калпак, үстүнө чепкен жаап, азык-түлүктөрдү тапшырышты.

Шергазы ата 9 бала, 36 небере, 48 чөбөрөгө өзүнүн акыл-насаатын айтып, бактылуу карылыктын кучагында экенин кошумчалады. Биз барган учурда өзүнүн сактап жүргөн сайсыз 32 калибрлүү мергенчилик куралын, көзү жакшы жетпей калгандыктан, небереси Элдиярга мыйзамдаштырып берүү жагын суранды”,- деп жазылат маалыматта. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: