super.kg logo
  Саясат  

Мамлекет жетекчилеринин катышуусунда Бишкекте 6 миң окуучу параддан өтүүдө

 

Бүгүн, 4-майда Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтында мектеп окуучуларынын катышуусунда "Жеңиштин жаш мураскерлеринин парады" аталышындагы театрлаштырылган салтанат өткөрүлүүдө. Майрам алдындагы аталган парадга 6 миң окуучу катышып, 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына арналган башкы салтанаттарга жол ачат.

Бишкектин окуучулары, балдардын белгилүү чыгармачыл топторунун тарбиялануучулары, аскердик лицейлердин курсанттары, жаш спортчулар согуш ардагерлерине жана чакырылган меймандарга кооз жана масштабдуу, театрлаштырылган оюн-зоок даярдашкан.

Параддын жүрүшүндө түрдүү эпизоддор көрсөтүлөт, тактап айтканда: I - "Эскерүү набаты", II - "Жеңиш вальсы", III - "Мезгил, алга!", IV - "Биз өлкөбүздүн жаштыгыбыз", V - "Парад маршында", VI - "Менин гүлдөгөн кыргыз өлкөм".

Салтанатка президент Алмазбек Атамбаев, ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбеков, премьер-министр Темир Сариев, Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева, Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери катышууда. 







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: