super.kg logo
  Саясат  

Сариев Чүй облусундагы дыйкан чарбаларынын иши менен таанышты

 

3-майда премьер-министр Темир Сариев Бишкек шаары, Чүй облусунун Чүй жана Кемин райондорундагы дыйкан чарбалардын иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттан билдиришти.

Алгач ири мүйүздүү мал өстүрүүгө, даяр продукцияны кайрадан иштетип чыгуу жана сатууга адистештирилген "Bulls KG" ишканасында болду.

Премьер-министр белгилегендей, жакынкы үч жыл аралыгында "Bulls KG" малдын башын 8000ге дейре жеткирүүнү пландаштырууда. "Дыйкан чарбасы ири мүйүздүү малды заманбап технология боюнча өстүрөт. Ишкана өндүрүп чыккан эт жана сүт продукциясы экологиялык жактан таза деп эсептелет. Кыргыз мамлекети Евразиялык экономикалык бирликке кошулуу менен өз продукцияларын ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттой алат",- деди Сариев.

Андан соң өкмөт башчы "Ширин алма" дыйкан чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Фермердик чарбанын башчысы Нурлан Макеевдин айтымында, чарбанын 434 гектар жерине көп жылдык алма багы отургузулат. Чарба 2017-жылы түшүм алууну жана өз продукциясын өлкө чегинен тышкары экспорттоону пландаштырууда.

Темир Сариев белгилегендей, чарбанын ишинде жаңы технологиялар, анын ичинде тамчылатып сугаруу ыкмасы да пайдаланылат. "Заманбап технологияларды пайдалануунун натыйжасында өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 10 эсеге жогорулайт. Натыйжада мындай ыкмаларды колдонуу менен беш жылдан соң аянттын ар гектарынан 150 тонна алма алуу пландаштырылууда",- деди ал.

Ошондой эле премьер-министр ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоого алуунун зарылдыгын белгиледи. Буга байланыштуу ал тийиштүү мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасынын өндүрүшчүлөрүн колдоого алуу, анын катарында күнөсканаларды жана тамчылатып сугаруу тутумун өнүктүрүү, ошондой эле фермердик чарбалар үчүн капиталдык курулуштарга уруксат берүү боюнча чаралар жыйындысын иштеп чыгуу тапшырмасын берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: