super.kg logo
  Саясат  

Президент: "Көз карандысыз, өнүккөн, күчтүү мамлекетти куруп, өсүп келаткан муунга өткөрүп берүүгө милдеттүүбүз!"

 
"Саясий, экономикалык жактан көз карандысыз, өнүккөн, күчтүү мамлекетти куруп, өсүп келаткан муунга өткөрүп берүүгө милдеттүүбүз!"- деп билдирди президент Алмазбек Атамбаев. Бул тууралуу президент 4-майда Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган парадда айтты.
Атамбаев тынчтыктын баасы эбегейсиз кымбат экенине токтолду. "Улуу Ата Мекендик согуштун жоокерлери кыялданган тынчтык, эмгек, адилеттүүлүк туурасында унутпашыбыз керек. Тынчтыктын баасы эбегейсиз кымбат экенин унутпайлы. Биз мындан 70 жыл мурда Улуу Жеңиш кандай азап-тозок менен келгендигин эстен чыгарууга акыбыз жок",- деди ал
Атамбаев улуу муундун эрдик, мекенчилдик, айкөлдүк касиеттерин улап, кыргыз элинин биримдигин, ынтымагын чыңдоого чакырды. 
"Ар бир муундун тарыхта өз максаты бар. Эгер ардагерлер бизге тынчтык алып келсе, азыркылар жаш мамлекетибиздин пайдубалын түптөп жатабыз. Ал эми силердин жаштыгыңар өлкөбүздүн кезектеги кайра жаралуу дооруна туш келди. Силер жаңы доордун балдарысыңар, ушул куттуу жердин ээсисиңер! Азыр заман менен кошо биздин элибиз, өлкөбүз өзгөрүү жолуна түштү. Элибиздин деми менен өлкөбүз өргө карай жылып жөнөдү, бизди эми эч ким, эч нерсе токтото албайт",- деди өлкө башчы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: