"Дордой" футболдук клубу өлкө чемпиондугунда "Ала-Тоону" 5:1 эсебинде утту



















"Дордой" - "Ала-Тоо" - 5:1
Автор: Максат Кудайбердиев
Фото: Максат Кудайбердиев
Голдор: Алмазбек Мирзалиев (38-мүнөттө, 84-мүнөттө), Дэвид Тэтте (53-мүнөттө), Мирлан Мурзаев (60-мүнөттө), Азиз Сыдыков (85-мүнөттө) - Роман Левченко (10-мүнөттө).
Кечээ, 3-майда Бишкекте футбол боюнча өлкө чемпиондугу - ТОП-Лиганын кезектеги туру болуп өттү. Анда бишкектик "Дордой" өз үйүндө нарындык "Ала-Тоону" кабыл алып, ири эсепте жеңишке жетишти. Оюндун алгачкы мүнөттөрүнөн тарта "Ала-Тоонун" оюнчулары активдүүлүгүн көрсөтүп, 10-мүнөттө эсепти ачканга жетишти. "Дордойдун" буга чейин атаандашын жеңил гана утуп келгенин эске алганда көпчүлүк үчүн күтүүсүз болгон гол футбол сүйүүчүлөрүнүн сүрөөнү менен коштолду.
Биринчи таймда Алмазбек Мирзалиев оюн эсебин теңеди. Биринчи тайм тең эсепте аяктап, командалар 15 мүнөттүк эс алууга жөнөп жатканда 5:1 эсеби катталат деген ойду эч ким айта алмак эмес. Анткени "дордойчулар" биринчи таймда ойдогудай футбол көрсөтө алышкан жок. Биринчи тайм "Дордойдун" жана "Ала-Тоонун" коргоочуларынын каталарынан кирген 2 гол, чабуулчу Калимулланын 2 мыкты мүмкүнчүлүктөн гол жарата албаганы менен эсте калды.
Экинчи таймда бишкектиктердин машыктыруучусу Завиша Милосавльевич оюнчуларды алмаштырды. Оң жактагы жарым коргоочу Адил Мухаммаддын ордуна Азиз Сыдыков оюнга кирсе, көп өтпөй чабуулчу Калимулланын орду Мирлан Мурзаев менен толукталды. Алмашууга кирген дал ушул эки оюнчу оюнга ылдамдык алып келип гана чектелбестен, "Ала-Тоонун" ири эсепте утулуусун да шартташты.
* 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.