super.kg logo

Ош. Түркиядан келген дин ишмери Сириядагы согушту так билбей туруп аралашуу акылсыздык экенин белгиледи

 

Бүгүн, 4-майда Ош облусунун мусулмандар казыяты тарабынан КРнын Мусулмандар дин башкармалыгынын мамлекеттик диний концепцияны ишке ашыруунун алкагында Түркия мамлекетинен келген имам Аззам Абу Ханифа, имам Матурудий жана имам Сараксийдин илимий чыгармаларын изилдеген дин аалымдары Кара-Суу районундагы имам Ас-Сарахсий атындагы мечитте райондун жалпы имамдары менен диний-илимий багытта  жолугушушту. Муну Ош облус казыятынын маалымат кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, иш-чарага Ош облусунун казысы Ниязали ажы Арипов, Кара-Суу, Өзгөн, Кара-Кулжа  райондорунун башкы
имам-хатибдери, Кара-Суу шаарынын мэри жана жергиликтүү жашоочулар катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Анкара университетинин профессорлору Бүнйамин Эрул “Абу Ханифа жана анын хадис илиминдеги орду” деген темада баян жасап, бүгүнкү күндөгү Сирия мамлекетинде болуп жаткан окуяларга байланыштуу суроого жооп берип, Сириядагы абал мусулмандар арасындагы чоң дүрбөлөң жана аны толук билбей туруп аралашуунун өзү акылсыздык экенин өзгөчө белгиледи. Ошондой эле негизги жихад ар бир мусулмандын жан дүйнөсүн тазартуусу, үй-бүлөсүн камсыздоо, чөйрөсүн ыйманга үндөө экендигин айтты”,- деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: