Ош. Пайгамбарды жакындан таанууга багытталган сынактын жыйынтыгы 16-майда чыгарылат







Кечээ, 3-май күнү Ош облусунун тургундары үчүн “Келгиле, пайгамбарыбызды жакындан тааныйлы” аттуу сынак өттү. Ага Ош облусунун аймагынан 1000ге жакын адам катталып, 800гө жакыны катышты. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда Ош облустук казыятынын маалымат кызматынан билдиришти. Белгилүү болгондой, сынак “Сүйүктүү пайгамбарыбыздын өмүр баяны”, “Пророк Мухаммад” “Улуу имам Абу Ханифа” аттуу 3 китептин негизинде тест түрүндө болуп, 75 суроону өз ичине камтып, катышуучуларга 90 мүнөттөн убакыт берилди.
Толтурулган тест баракчалары Бишкек шаарына комиссияга жиберилет. Сынактын жыйынтыгы 2015-жылдын 16-майында Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда чыгарылат.
Эскерте кетсек, бул иш-чара КРнын Мусулмандар дин башкармалыгы жана КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен биргеликте республика боюнча уюштурулуп, сынактын жеңүүчүлөрүнө ажылыкка 10 кишиге жолдомо, умра сапарына 5 кишиге жолдомо жана акчалай байге катары 880 000 сом коюлган.

