Бишкекте Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата веложүрүш болуп өттү












Кечээ, 3-майда Бишкекте Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата веложүрүш орун алды. Ага ардагерлер, 1000ден ашык студенттер, мектеп окуучулары, мэриянын кызматкерлери, велоспорттун сүйүүчүлөрү катышты.
Мэриядан кабарлашкандай, велосипед тепкен калың топ жүрүштү 12-кичи райондон баштап, Аалы Токомбаев көчөсү аркылуу эски аянтка келишти. Жүрүш согушту жектеген ырлар менен коштолду. Веложүрүштүн эң улуу катышуучусу Улуу Ата Мекендик согуштун жана спорттун ардагери Пётр Чесноков 92 жашта. Ал спорт менен машыгуу аркылуу узак жашоо мүмкүн экенин белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.