super.kg logo

Нарын шаарында Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата уюшулган Жеңиш эстафетасын кабыл алуу аземи өттү

 

Бүгүн, 4-майда Нарын шаарынын "Тянь-Шань" сейил багында Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган шериктеш өлкөлөрдүн тышкы чек араларын кыдырып өтүүчү Жеңиш эстафетасы Нарын шаарында кабыл алынды. Мэриядан кабарлашкандай, иш-чара алгач шаар, облус жана 2025-чек ара аскер бөлүгүнүн жетекчилигинин Өчпөс отко гүл, гирляндаларды коюусу жана Каракол шаарынан келе жаткан Жеңиш эстафетасын кабыл алуусу менен башталды.

Иш-чаранын салтанаттуу бөлүгү Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери жана чек ара кызмат бөлүгүнүн кызматкерлеринин Нарын жеринен бир ууч топуракты Жеңиш эстафетасынын үлгүсү болгон гильзага салуусу жана аны Балыкчы шаарына узатуу менен аяктады. Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган эстафетаны узатуу иш-чарасына согуштун катышуучулары, ардагерлери, мекеме, ишканалардын кызматкерлери, шаар тургундары, 2025-чек ара аскер бөлүгүнүн өздүк курамы жана окуучулар катышты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: