super.kg logo
  Саясат  

Ошто кыргыз-кытай кызматташуу маселеси талкууланды

 

Бүгүн, 4-майда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Кытай Эл Республикасынын Оштогу башкы консулу У.Инцинди Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата кабыл алды. Жолугушуу учурунда Кадырбаев Ош шаары менен Кытай Эл Республикасынын соода-экономикалык жана маданий кызматташтыгы эки тараптуу өнүгүү жолунда бара жаткандыгын айтты.

"Экинчи дүйнөлүк согуштагы Улуу Жеңиштин баасын Кытай Эл Республикасы менен Советтер Союзу, анын ичинде кыргыз мамлекетинин эли жакшы билет. Тарыхка жана келечек муундарга согуш ардагерлеринин  эрдиктерин даңазалоо менен аларга татыктуу сый-урмат көрсөтүүнүн үлгүсүн калтырышыбыз керек",- деди мэр.

Ал эми Инцин: "Учурда согуш ардагерлеринин саны күндөн-күнгө суюлуп бара жатат. Аларга урмат-сый көрсөтүү - ар бирибиздин милдетибиз. Ошондуктан Улуу Жеңиштин 70 жылдыгынын урматына биз да ардагерлерге сый-урмат көрсөтүүнү чечтик. Жеңиш күнүн белгилөөдө ардагерлерге материалдык жактан колдоо көрсөтүү максатында 561 миң сомдук салым кошуп, 26 ардагерибиздин ар бирине белекке телевизор бермекчибиз",- деди.

Жолугушуунун соңунда мындан ары да достук, соода-экономикалык мамилелер чыңдала берерин кошумчалашты.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: