Бишкектин Жол-кайгуул кызматындагы бош орундарга талапкерлер 20-майга чейин документтерин тапшыра алышат (тизме)
Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматындагы бош орундарга сынак жарыяланды. Бул тууралуу 5-майда мекеменин басма сөз кызматы жарыялады.
Маалым болгондой, жалпысынан 6 бош орун бар.
Алар:
- Жол-кайгуул бөлүмүнүн башчысы;
- Нөөмөт бөлүмүнүн башчысы;
- Издөө бөлүмүнүн ага инспектору;
- Издөө бөлүмүнүн инспектору;
- 6-взводдун ага инспектору;
- Нөөмөт бөлүмүнүн ага инспектор-нөөмөтчүсү.
Документтерди кабыл алуу 20-майга чейин созулат. Андан соң 7 жумушчу күндүн ичинде ЖККнын кадрлар бөлүмү документтер менен иштейт. Мындан кийин талапкерлерге сынактын кийинки этабынын күнү жарыяланат.
Талапкерлерге төмөнкү талаптар коюлат:
1. Юриспрунденция, укук таануу, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, транспорт боюнча жогорку билим;
2. "А", "А1", "В", "В1", "С", "С1" категориялары бар болгон айдоочулук көбүлүгү;
3. Кенже жана жетекчи курамында бир жылдан кем эмес жана кесип боюнча 3 жылдан кем эмес жумушчу стажы.
Сынакта алар физикалык даярдык боюнча нормативдерди тапшыруу, жазуу түрүндөгү тестирлөө жана аңгемелешүүдөн өтүшөт.





1 |