super.kg logo
  Саясат  

Темир Сариев: "Салык жана бажы алымдары боюнча бекитилген пландар 100 пайызга жана өз мөөнөтүндө аткарылууга тийиш"

 

"Салык жана бажы алымдары боюнча бекитилген пландар 100 пайызга жана өз мөөнөтүндө аткарылууга тийиш",- деп билдирди өкмөт башчы Темир Сариев. Бул тууралуу ал 4-майда 2015-жылга карата учурдагы республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча кеңешмеде айтты. 

Ал Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын иш алып баруу маселесине токтолду. Анын пикиринде, аталган кызматтын ишинин сапатын карап чыгуу зарыл.

Премьер-министр белгилегендей, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат аткарган ишинин натыйжалуулугу боюнча бааланат. "Мыйзамсыз, салыктарды төлөөсүз ишке ашырылып жаткан иштерге чечкиндүү бөгөт коюлушу керек. Эч кандай жеңилдиктер жана “кол тийгистер” болбошу кажет. Эгерде андай болсо, биз тартип орното албайбыз",- деди ал.
Ошондой эле көмүскө экономика деңгээлин төмөндөтүү максатында бир катар чаралар иштелип чыккандыгын кошумчалады.

"Ак ниеттүү салык төлөөчүлөрдү үзгүлтүксүз текшерүү тажрыйбасын артка таштап, өзгөчө көңүлдү баш аламан секторго, тактап айтканда, казино жана букмекердик кеңселердин мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө буруу зарыл. Салык төлөөдөн баш тарткандар мыйзамга ылайык жазаланышы керек",- дейт Сариев.

Кеңешменин жүрүшүндө премьер-министр Каржы министрлигине Бишкек шаарынын жолдорун куруу жана оңдоо максатында кошумча каражаттарды бөлүү үчүн каржылоо булактарын издештирүү тапшырмасын берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: