super.kg logo
  Саясат  

Бүгүн, 5-Май - Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнү

 

Бүгүн - Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнү. 1993-жылдын 5-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши – "легендарлуу парламенттин" 12-сессиясында эгемендүү кыргыз мамлекети Конституциясын кабыл алган. 22 жыл аралыгында Баш мыйзам көп жолу өзгөртүүгө учурады, мурунку президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин режимине ыңгайлаштырылып, олуттуу өзгөртүүлөр киргизилип турган. 

Конституциянын азыркы редакциясы Апрель революциясынан кийин, 2010-жылдын 27-июнунда референдум аркылуу "2020-жылга чейин өзгөртүлбөйт" деген жобо менен кошо кабыл алынган. Муну менен кыргыз мамлекети парламенттик башкаруу системине кадам таштады. 

Акыркы мезгилде Конституцияны өзгөртүү демилгеси активдешти, айрым толуктоолорду киргизүүгө мамлекет жетекчилиги, башкы документтин негизги авторлору да макул экени белгилүү болду. Жогорку Кеңеш колдосо, демилге быйыл күзүндө өтүүчү парламенттик шайлоо менен кошо референдумга коюлмакчы. 

Баш мыйзамга киргизилчү негизги өзгөрүүлөр менен бул жактан таанышыңыз.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: