Аскер кызматкерлери Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин Жеңиш майрамы менен куттукташты







4-майда Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы менен Коргоо министрлиги Бишкек шаарында жашаган ардагерлерди куттукташты. Башкы штабдан билдиришкендей, Башкы штабдын башчысы, генерал-майор Асанбек Алымкожоев, коргоо министри Абибилла Кудайбердиев, ошондой эле алардын орун басарлары 14 бишкектик ардагердин жашаган үйүнө барып Жеңиш күнү менен куттуктап, «Жеңишке 70 жыл» мааракелик медалдары менен 3000 сом материалдык жардамын жана кошумча 2000 сом өлчөмүндө азык-түлүккө толтурулган социалдык пакеттерди тапшырышты.
Бул жылы мааракелик медалдарды Улуу Ата Мекендик согушка катышкан бардык ардагерлер, тактап айтканда, 2015-жылдын 1-апрелиндеги маалымат боюнча, 1141 адам алат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.