super.kg logo

Сузактык 10-класстын окуучусу Чынберди "ЭЛДИК КАБАРдан" смартфон утуп алды

 
"Элдик кабардан" смартфон утуп алган 10-класстын окуучусу Чынберди Жанышов
Сузак районундагы Шамши Базарбаев атындагы мектептин азыркы абалы
Сузак районундагы Шамши Базарбаев атындагы мектептин азыркы абалы
Сузак районундагы Шамши Базарбаев атындагы мектептин азыркы абалы
Белек ээси борбордон алыста болгондуктан, заманбап смартфонду анын Бишкектеги агасы Абсамат Тажибаев кеңсебизге келип алып кетти.
Белек ээси борбордон алыста болгондуктан, заманбап смартфонду анын Бишкектеги агасы Абсамат Тажибаев кеңсебизге келип алып кетти.
SUPER.KG порталынын "Соңку кабар" бөлүмүндөгү "Элдик кабар" рубрикасынын байгесине коюлган заманбап смартфондун ээси аныкталды! Белекти Жалал-Абаддын Сузак районунан Чынберди Жанышов аттуу окурман утуп алды. Жеңүүчү деп табылган 10-класстын окуучусу Чынберди өзү окуган Шамши Базарбаев атындагы мектептин кейиштүү абалын жарыялаган. Анда эскирип бүткөн, дубалы урайын деп араң турган мектептин ашканасында окуп жатканын билдирген эле. 
Технология өнүккөн 21-кылымда кыргыз жериндеги көйгөйлүү маселелердин бирин, абдан эскирген мектептер бар экенин көрсөткөн мектеп окуучусу Чынберди Жанышовду SUPER.KG`нин редакциялык кеңеши апрель айынын жеңүүчүсү деп тапты. Өзү алыста болгондуктан, редакцияга келе алган жок, телефон аркылуу байланыштык.
- Чынберди, байге кут болсун! 
- Рахмат!
- "Элдик кабарга" кабар жиберип жатып жеңүүчү болоруңа ишендиң беле?
- Чынын айтсам, ишенген эмесмин, жеңүүчү болбосом да, маалымат менен бөлүшөйүн деген ойдо жазгам. Жеңүүчү болгонумду биринчи укканда ишенген жокмун, азыр алдамчылар көп го... Бирөөлөр тамашалап же алдап жатат деген ой келди. Анан эки-үч жолу сүйлөшкөндөн кийин ишендим. Белек утканыма кубанып жатам, үйдөгүлөр да жеңүүчү болгонумду билишти.
- Жөнөткөн кабарың менен эмнени айткың келди эле?
- Кабарымды жогору жактан бирөө-жарым окуп калса, эскирген мектебибиздин ордуна башка мектеп курулуп калса деген үмүт... Анткени азыркы заманбап жашоодо мектебибиздин абдан эскилигинен уялам. Башка жактагы тааныштарым "Ии, мектебиңер ушулбу, ушундай эски мектепте окуйсуңбу?" дешсе арданып кетем. Буга чейин депутаттар келишип, "жаңы мектеп курдуруп беребиз" деп убада берип кетишкен, эмдигиче дайын жок. 
- Мектебиңердеги билим берүүнүн сапатына кандай баа бересиң? 
- Оор жагдайга карабай мектептин ашканасында окуп жатабыз. Класстарда окуганга болбойт. Азырынча кулабай турат, бирок көпкө кармалбай, бир күнү урап түшөт. Окутуу, окуучулардын билими жакшы эле. Бардык шарты бар жаңы мектеп курулса, окуучулардын билим деңгээли мындан да өсмөк. Өкмөткө айтарым, билим алууга бизге шарт түзүп бергиле.  
- Рахмат, окууңа ийгилик. 
- Сиздерге да рахмат. 
Жеңүүчүнүн апасы Үлпөт айым менен да байланыштык. Баласынын смартфон утуп алганын укканда алгач ишенбегенин айткан эне SUPER.KG порталына ыраазычылыгын билдирди. 
Эсиңизде болсо, бир ай мурун SUPER.KG порталынын "Соңку кабар" бөлүмүндө "ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp же Viber аркылуу кабар жөнөтүп, ай сайын заманбап смартфон утуп алыңыз!" аттуу сынак старт алган. Мыкты кабар жөнөткөн окурманга редакция ай сайын заманбап смартфон белек кылууну убадалаган. Бир айда окурмандар портал менен байланышын бекемдешип, "ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp жана Viber аркылуу +996 557 47-39-39 номерине көптөгөн кабарларды жөнөтүштү. Турмуштук көйгөйлөр: бузулганы калган көпүрөнүн өмүргө коркунуч жаратып жатканы, жол чырактардын иштебей калышынан кырсыктардын болгону, жаңы асфальт төшөлгөн жолдордун бузулушу, тротуарга токтотулган автоунаалар, айтор, кызыгуу жараткан кабары менен активдүү бөлүшүүгө өтүштү.
Белек ээси борбордон алыста болгондуктан, заманбап смартфонду анын Бишкектеги агасы Абсамат Тажибаев кеңсебизге келип алып кетти. 
Урматтуу окурман, кызыктуу маалымат жөнөтүп заманбап смартфон утуп алуу мүмкүнчүлүгү сизде да бар. Ай сайын бирден жеңүүчү аныкталат. Мыктынын мыктысы деп табылган элдик кабардын ээсин ушундай жагымдуу белек күтөрүн эске ала жүрүңүз.   








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 9 
Комментарийлер(32)
05.05.2015. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азамат.Кут болсун телефонунуз!Окууларынызга ийгилик!Кудайым буюруп калса ойлогон ой максатыныз ишке ашып,жаны мектеп курулуп калаар деген ниеттебиз!
Суперчилер,сиздер болсо окурмандарды ушинтип кубантып журо бериниздер!
05.05.2015. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Rozalia, кыргызча жакшына эле билет экенсиз го!
05.05.2015. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кут болсун
05.05.2015. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
"Элдик кабарды"- Элдин оюн, пикирин билуу учун атайын уюштурулган шоу катары кабыл алдым эле...
05.05.2015. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Туштукто ушундай мектеп бар деген жанылык деле эмес. Телеканалдардан жума сайын эле какшап айтып, видеосу менен корсотуп жатат. Мезгилден арта калыптырсынар!!!
05.05.2015. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Агасы алып барып берсе экен эми телефонду озуно.
05.05.2015. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооо куттуктайм!!! ))))
05.05.2015. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Базар коргондогу Боконбаев гимназия жатак мектебинин абалы деле ушудан айырмасы жок го
05.05.2015. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kyrgyzka96, анда сенда суроторун живерда !
05.05.2015. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
менин оюм боюнча белекти баякы жыртылган желекти жанылаткан балага бериш керек эле.....
05.05.2015. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baba., желекго жаныланды бирок мектеп чындап эле оор абалга келип калыптыр.
07.05.2015. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bom.bon,Ошо желектей кылып жанылашабы мектепти да....Мындай абалы оор мектептер толтура....
05.05.2015. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сматфон кут болсун Чынберди,
сматфонду чынбердиби.
05.05.2015. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Иий тооба Дуйшондун эле мектебиго? Окунучтуу канчалаган депутаттар оюн зоок аш кулкуго миллиондорду чачып жатат бир мектеп салып беришсе элдин акчасынан соопко калышмак. Аттин десе. Ал эми телефонду уткан балага кут болсун ийгилик.
05.05.2015. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Белегин Кут болсун!!
05.05.2015. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чындыгында мен "желек"жанылыгы утат деп ойлогом!
05.05.2015. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул не честно супер инфо, 100 пайыз желек жонундо жиберген адам утуш керек эле.
05.05.2015. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура эле чечим. Белегиң кут болсун!
05.05.2015. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Белегин кузго, озун жузго жет.
06.05.2015. 06:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсың!Дайыма ушундай көйгөйлөрдү көпчүлүктүн чордонуна алып чыга бер.
06.05.2015. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куттуктайм.тилеген тилегине жет.
06.05.2015. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мектеп чынында Дүйшөндүн мектебиндей абалга келиптир, Чынберди белегиң кут блсун.
07.05.2015. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле,Чынберди,смартфонду чын бердиби?)))
Чын берсе анда куттуктайм!
12.05.2015. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооо жакшыго куттутайм
17.05.2015. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул байгелу маалыматт деп жыртыгыбызды жаря кылатко жаштардын баары.балким кереги жок беле.
27.05.2015. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу Супер, компьютерден жонотсо болобу кабарды?
27.05.2015. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
qursy, саламатсызбы!
Компьютерден Ватсап, Вайбер программалары аркылуу жөнөтсөңүз болот.
27.05.2015. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Файл ватсапка чонураак болуп атат да
01.06.2015. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
саламатсыздарбы жанылык катары жазсам болобу цитата тема лиди менен
01.06.2015. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул апрель айыныкы болсо, анда май айыныкы качан жыйынтыктат?
01.06.2015. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Adi26, саламатсызбы!
Жакында май айынын жеңүүчүсү аныкталат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: