super.kg logo
  Саясат  

Президент: "2010-жылдагы Конституциянын редакциясын "демократиялуу жана прогрессивдүү" деп атасак болот"

 

Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз мамлекетинин элин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнү менен куттуктады. Бул тууралуу 5-майда президенттин маалымат кызматынан билдиришти. 

Куттуктоонун тексти:

"Урматтуу мекендештер!

Ушул күнү, мындан 22 жыл мурда "легендарлуу парламент" өзүнүн XII сессиясында көз карандысыз Кыргыз Республикасынын Конституциясын кабыл алган. Андан бери өлкөбүз жаңы коом куруунун татаал жолун басып, оор сыноолордон өтүп, эки революцияны баштан кечирди.

2010-жылдагы Апрель революциясынын жыйынтыктарынын бири - 2010-жылдын 27-июнунда быйыл биз 5 жылдыгын белгилеп жаткан өлкөнүн жаңы редакциядагы Конституциясынын кабыл алынышы. 2010-жылдагы Конституциянын редакциясын эгемендүү кыргыз мамлекетинин тарыхындагы эң демократиялуу жана прогрессивдүү деп атасак болот. Негизги мыйзам 1993-жылдагы Конституцияда түптөлгөн баалуулуктарды кайра калыбына келтирди - чыныгы парламентаризмге жол ачып, өлкө тагдыры үчүн өтө олуттуу маселени жеке адам кабыл алышына бөгөт койду.

Конституциянын негизинде сот системин, шайлоо мыйзамдарын, коомдун жана мамлекеттин бардык тармактарын реформалоо боюнча ырааттуу иштер жасалып жатат. Биз мыйзамды, адам укугун жана эркиндигин урматтоого негизделген укуктук, демократиялуу мамлекет курууга умтулуп жатабыз.

Бардыгыбыз өлкөбүз күчтүү, өнүккөн мамлекет болсун деп тилейбиз. Бирок ал үчүн ар бирибиз укуктарыбызды гана жакшы билбестен, Конституцияда түптөлгөн милдеттерибизди дагы так аткарууга тийишпиз. Ар бир адам бул жалпы ишке өз салымын кошо алат. Биримдикте жана ынтымакта, мыйзамды урматтоо аркылуу гана көз карандысыз жана демократиялуу Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүн камсыз кыла алабыз.

Кымбаттуу кыргыз мамлекетинин эли!

Бардыгыңыздарды мына ушул майрамыңыздар менен куттуктайм! Чың ден соолук, бейпилчилик жана бакубатчылык каалайм. Элибиз биримдикте жана ынтымакта болуп, өлкөбүз тынчтыкта гүлдөп-өнүгө берсин!"






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: