Токтогул районунда жаңы мектептин ачылышы болду





Бүгүн, 5-майда Токтогул районундагы Ичке-Сай айылында жаңы мектептин ачылыш аземи болду. Ага билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева, Жогорку Кеңештин депутаттары жана аталган айылдын тургундары катышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Жаңы мектептин абалы менен таанышып чыккан Сариева: "Быйылкы окуу жылында Ичке-Сай айыл аймагына караштуу М.Жунусалиев атындагы орто мектеби бүткөрүлдү. Жалпы сметалык наркы 49 миллион сомду түзгөн мектептин бүткөрүлүшү үчүн республикалык казынадан 3 миллион сом, Түркия грантынын эсебинен 46 миллион сом акча каражаты сарпталды. Мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана билим берүү сапатын жогорулатуу Билим берүү жана илим министрлигинин башкы маселелеринен болуп саналат",- деп айтты.

