super.kg logo
  Саясат  

Төрага Асылбек Жээнбеков мекендештерди Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен куттуктады

 
Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 5-майда кыргыз мамлекетинин элин Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен куттуктады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан билдирди. 
"Урматтуу мекендештер!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан Конституция күнү менен чын дилимден куттуктайм!

2010-жылдагы референдумда кабыл алынган Конституция аркылуу элибиз демократиялык өнүгүү жолун тандап алды. Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышы өзүнүн тарыхый милдетин - парламенттик демократиянын пайдубалын түптөөнү, адилеттүү коом курууга багытталган иштерди жүзөгө ашырып жатат. Бул максатта өлкөнү өнүктүрүүгө, жарандардын укуктарын чыңдоого арналган мыйзамдар кабыл алынууда.

Быйылкы парламенттик шайлоону калыс, таза өткөрүү үчүн шайлоо мыйзамдары өркүндөтүлүп, заманбап техникалар менен камсыздоо иши аткарылууда. Ар бир шайлоочунун добушу Конституцияда камтылган принциптерди бекемдеп, парламенттик демократияны жана мамлекетибизди өнүктүрүүдө чечүүчү ролду ойнойт.

Майрамыңыздар менен, кымбаттуу мекендештер!" 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: