super.kg logo

Бишкекте чек арачылар Жеңиш эстафетасын тосуп алышып, Ош жана Жалал-Абад облустарына жиберишти

 

Бүгүн, 5-майда Бишкек шаарындагы “Жеңиш” аянтында Жеңиш эстафетасына тиешелүү салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлдү. Ага Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, КРнын жана Орусиянын аскер органдары, шаар тургундары жана башкалар катышып, Өчпөс отко гүл коюшту. Катышуучулар иш-чаранын жүрүшүндө 1941-1945-жылдары согушта курман болгондорду эскерип, 1 мүнөт аза күтүштү. Андан соң чек арачылар асманга катар ок чыгарышып, салтанатты аскердик оркестр коштоп турду. Келген коноктор Улуу Ата Мекендик согуштун кайталанбашын айтып, ардагерлердин ошол маалда көрсөткөн эрдиктерине дагы бир ирет таазим көрсөтүп жатышты.

Айта кетсек, кыргыз жергесинин аймагында Жеңиш эстафетасы учурда Каракол, Нарын, Балыкчы жана Бишкек шаарлары аркылуу өттү, кезек Ош жана Жалал-Абад шаарларында. Ал эми 7-майда Кыргыз Республикасынын чек арачылары Жеңиш эстафетасынын символун “Бор-Дөбө-унаа жол” көзөмөл-өткөрүү жайында Тажикстан Республикасынын чек арачыларына өткөрүп беришет.

Эскерте кетсек, Жеңиш эстафетасы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин тышкы чек аралары аркылуу өтөт жана анын жүрүшү Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына арналган. Анын негизги максаты – СССР элдеринин Жеңишинин улуулугун даңазалоо, Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы чек арачылардын баатырдык эрдиктерин түбөлүккө калтыруу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: