Кыргыз мамлекетинен барган имамдар Түркиянын тарыхый жайларына зыяратка чыгышты
Түркияга өз билимдерин жогорулатуу үчүн барган кыргыз мамлекетинин имамдары Түркиянын тарыхый жайларына зыяратка чыгышты. Бул тууралуу 5-майда Кыргыз Республикасынын Мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлү Абидин Мажитов билдирди.
Маалым болгондой, имамдар Түркиядагы 1424-1426-жылдары курулган Мурадия жами, Мехрабли жами, Ешил жами, Осмон Газы жана Орхан Газы күмбөздөрүнө зыярат кылышты.
“Мындай тарыхый жерлер өз учурундагы болуп өткөн окуялардан кабар берип, кийинки муун үчүн улуу муундан келген баалуу мурас катары кала берет”,- дешти зыяраттын уюштуруучулары.
Имамдар 14 кылымдык тарыхы бар Осмон Газы уулу Орхан Газы жана көптөгөн булактар менен таанышып, бир топ маалыматтарга жеринде күбө болушту.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.