Ош. Баткен согушунун ардагерлери Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине мааракелик медаль тагышты













Баткен согушунун ардагерлери Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери Жолдошбай Адаев жана Жапарбек Хакимовго Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган мааракелик медаль тагышты. Бул тууралуу бүгүн, 5-майда Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, иш-чарага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, Баткен согушунун ардагерлер кеңешинин түштүк аймагы боюнча төрагасы Данияр Ашбаев, Ош шаардык эмгек жана согуш ардагерлер кеңешинин төрагасы Рыспай Зулпуев катышты.
Белгилүү болгондой, учурда Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган мааракелик медаль түштүк аймагы боюнча 10 ардагерге берилди. Муну менен катар Ош шаардык мэриясынын кызматкерлеринин бир күндүк эмгек акысы атайын ачылган ардагерлердин эсебине өткөрүлүп берилген.

