Жалал-Абад. Токтогул районунда бала бакчанын ачылыш аземи өттү





Бүгүн, 5-майда билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева Токтогул районуна караштуу Үч-Терек айыл өкмөтүнүн Кызыл-Ураан айылындагы бала бакчанын ачылыш аземине катышты. Муну аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, салтанаттуу ачылыштын жүрүшүндө жаңы курулган бала бакчанын тарбиялануучулары келген конокторго концерттик номер көрсөтүп, көңүлдөрүн ачышты. Ал эми министр аймактардагы жаңы бала бакча, мектептердин ачылышы жана алардын коопсуздугу министрликтин учурдагы негизги милдеттеринин бири экендигин белгиледи. Мындан тышкары райондук администрациянын жана жергиликтүү башкаруу өкүлдөрүнө мектепке чейинки билим берүү мекемелерине айрыкча көңүл буруп, маселени өз убагында чукул жеткирүүнү табыштады.

