Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматовдун агасы алдамчылыкка шектелип, 2 айга камакка алынды
Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматовдун 50 жаштагы агасы Кеңеш Мырзакматов алдамчылыкка шектелип, 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына 5-майда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мындай камакка алуу чечими Ош шаардык соту тарабынан кабыл алынды. Буга анын үстүнөн ондогон адамдардын даттанып, сотко арыз менен кайрылышканы себеп болгон.
"Арыз ээлери Мырзакматов “үй алып берем” деп 100 миңден ашык доллар жана 1 миллион сомдон ашык акча алганын айтышкан. Бул ишке тиешеси бар делген Мырзакматов менен кошо дагы 4 адам болгон. Алардын үчөө кармалып, көрсөтмө учурунда акчаны Кеңеш Мырзакматов алганын айтышууда",- деди милициянын өкүлү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
1

деп кармоонун себебин жазып жатышбайбы. Жон гана кармаса бир жоню Муну эми сот чечет. Саясат болсо да куноолу жазасын алсын.
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.