super.kg logo

Бишкекте экинчи жыл катары менен “Түбөлүк полк” акциясынын алкагында жүрүш өттү

 

Бүгүн, 5-майда Бишкекте экинчи жыл катары менен “Түбөлүк полк” акциясынын алкагында жүрүш өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерүү жүрүшү борбордун Абдрахманов көчөсү менен Жантөшев көчөсүнөн Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" сейил багына чейин өттү. Ага Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, Жогорку Кеңештин жана шаардык кеңештин депутаттары, шаар мэри Кубанычбек Кулматов, шаардык муниципалдык ишканалардын кызматкерлери, студенттер жана окуучулар катышты. “Түбөлүк полк” акциясынын алкагында өткөрүлгөн жүрүш Бишкек шаардык кеңешинин уюштуруусу менен ишке ашты. Салтанаттуу жүрүш музыкалык ансамблдердин жана бий топторунун катышуусунда концерттик программа менен аяктады. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: