ЭЛДИК КАБАР: Бишкек жана Оштогу ырчылар футбол талаасында беттешип, Оштун ырчылары 6:1 эсебинде утуп алышты







Ош шаарындагы А.Сүйүнбаев атындагы борбордук стадиондо кыргыз эстрада ырчыларынын арасында футболдук беттеш өттү. Бул тууралуу 5-майда окурман WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Анын айтымында, Оштогу ырчылардын "Азем" командасы менен Бишкектен барган ырчылардын "Тынчтык жана нур" командасы беттешип, жыйынтыгында "Азем" командасы 6:1 эсебинде утушка ээ болду. Беттеш Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына, Кыргыз Республикасынын спортунун 90 жылдыгына жана 5-Май – КРнын Конституция күнүнө арналып уюштурулду.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:30
2025-05-20

18:9
2024-12-02

15:12
2024-11-11

11:40
2024-10-01
12:43
2024-09-28

14:33
2024-09-24

Рейтинг:
2

Жеке айтышууларга жол берилбейт.
Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтыруудан алыс болсоңуз.
Темадан алыс билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.